Бишкектин четине кулаган Боинг 747 Кытайдан Түркияга жүк ташыган “АСТ” деген фирманын учагы болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди. Элчилик кырсыкты Түркия тарап терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеп, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Ал эми жаракат алгандардын тезирээк сакайышына тилектештик билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасынын үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар.