Боинг кырсыгы: Евросоюз өлкөлөрү Кыргыз Республикасына көңүл айтты

Бишкекке жакын жерге Боинг учагынын кулашына байланыштуу Европалык союздун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү 16-январда билдирүү жасады. Евросоюзга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык мекемелери менен макулдашылганы белгиленген билдирүүдө: "Көптөгөн адамдардын, анын ичинде балдардын өлүмүнө алып келген кырсык тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, каза тапкандардын жакындарына чын дилден көңүл айтабыз. Жабыркагандардын тезирээк сакайышын каалайбыз", - деп айтылат.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 40ка жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Кырсыкты атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан