Учак кырсыгында жаракат алгандарга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу 16-январда жабыркагандарды көрүүгө барган вице-премьер-министр Чолпон Султанбековага №3-Балдар ооруканасынын адистери билдиришти.
Өкмөт өкүлү Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык борбордо дагы болуп, каза тапкандардын аты-жөнүн аныктоо, жабыркагандарды дарылоо боюнча бардык чыгымдарды өкмөт өзү моюнга аларын айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Каза тапкандардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Кырсыкты атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.