Эртең учак кырсыгын иликтөө үчүн Эл аралык авиациялык комитеттин өкүлдөрү келишет. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"Кырсык болгон жердеги Аэрофлот тилкесинде 1500гө жакын адам жашайт. Кырсыктын кесепетинен 23 турак үй жана чарбалык курулуштар зыянга учураган. Негизи, бул жер убактылуу колдонууга гана берилген. Эми калктуу пункт болобу же жокпу, аны иликтөө көрсөтөт. Эртең Эл аралык авиациялык комитеттин жана түркиялык компаниянын өкүлдөрү келишет. Аталган комитеттин корутундусунан соң кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгонун айта алабыз. Учурда учактын чоң бөлүгү турган жер гана карала элек, анткени эл аралык талаптарга ылайык тийбеш керек экен", - деди Абылгазиев.