Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык болгон жерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Миграция кызматынын өкүлү жана Саратов облусундагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү барышып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми 16-январь күнү саат 22:00 чамасында каза болгон адамдардын сөөгү Кыргыз Республикасына жеткирүү үчүн Мерседес Спринтер унаасына жүктөлүп, Саратов облусундагы Кыргыз диаспорасы жана туугандары тарабынан жөнөтүлгөн.
Айта кетсек, 15-январь күнү саат 04:30 чамасында Төмөнкү Новгород-Саратов унаа жолунда Вольво менен Тойота Версо үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшүп, жалпысынан 7 адам набыт болгон. Алардын төртөө Кыргыз Республикасынын, экөө Өзбекстандын жарандары жана бирөө Тажикстандын жараны.