Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эшек уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган 3 адам кармалган. Алардын айтымында, Ноокен районунун аймагынан жалпы 30га жакын эшек уурдашкан. Аларды союшуп, терисин сатышкан.
"Кармалгандар соттун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилди. Бүгүнкү күнү 5 адам арыз менен кайрылды. Жабырлануучулардын саны артышы мүмкүн. Алдын ала маалымат боюнча, кылмыштуу топ Ноокен районунун аймагынан эле 50гө жакын эшек уурдаган", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.