Орусиядагы окурман, 20 жаштагы А.А. аттуу Кыргыз жараны таежеси тарабынан кордук көргөнүн SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, 2016-жылдын октябрь айында апасынын сиңдиси аны иштетүү максатында Екатеринбургга алып барган. Ал жакта таежеси жана анын кызы үчөө чогуу жашашкан.
"Бир күнү жумуштан келсем, бөлөм "100 миң сом акча бар" деп капчык берген. Мен анын ичин карабай, кийимдеримдин арасына катып уктап калгам. 2-3 сааттан кийин бөлөм жумушуна чакырып, ал жакка баргам. Жумушунда отурсам, таежем чалып, анын ордуна иштеп турууну өтүндү. Макул болуп анын жумушунда иштеп жатсам, бөлөм кайра чалып, 100 миң сомдун жоголгонун айтып, күнөөнү мага койду", - дейт окурман.
Андан көп өтпөй таежеси ага келип, чечиндирип текшерип, эки балага сабатканын, башка баланын колуна "акчаны моюнуна алдыр" деп таштап кетип, ал бала тарабынан зордукталганын билдирди окурман.
"Мени эки балага сабатып, башка балага таштап кетти. Ал мени ээн үйгө алып барып, ыйлап суранганыма карабай зордуктап, кайра таежеме жеткирди. Ызама чыдабай уксус ичип алып ооруканага түштүм. Ал жактан да жайыма койбой, бөлөм экөө келип мени коркутушту. "Тажик, өзбек балдар менен болсоң, алар сага көп төлөп беришет. Ошентип бизге болгон карызыңдан кутуласың" деп да сунушташты", - дейт А.А.
Сунушка макул болбогон А.Аны таежеси жана бөлөсү кыйнап, ата-энесин өлтүрүшөрүн айтып коркутуп, акчаны уурдаганын моюнуна алдыртышып, камерага тартып алышканын кошумчалады.
"Таежем сотко арыз жазып, тергөөчүлөр 3 жылдан 10 жылга чейин камалышым мүмкүн экенин айтып жатышат. Атам экөөбүз элчиликке көптөн бери жардам сурап кайрылып жатабыз. Бирок элчиликтегилер тергөөчүгө чалышса, баягы мени кыйнап тартып алган видео далил экенин айтышыптыр", - деп жыйынтыктаган сөзүн окурман.
Учурда ал атасы менен Екатеринбург шаарында батирде жашап жатканын айтып, өзүнүн күнөөлүү эмес экенин далилдеш үчүн кимге кайрыларын билбей жатканын билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.