Жалал-Абад шаарында "ишкерди башка аткан" деп шектелген эки жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында "ишкерди башка аткан" деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 24 жаштагы тургуну Д.А. жана анын досу, Сузак районунун 23 жаштагы тургуну Р.Н. кармалган. Алар айдап жүргөн унаадан далил буюм катары тапанча табылган.

Алар ишкерди бир канча күн артынан аңдып жүрүшүп, 18-январь күнү Д.А. досунун унаасы менен барып, 63 жаштагы Абдусатар Азизовду башка атып кетишкен. Жабырлануучу Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, тилекке каршы, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Каза тапкан жаран Жалал-Абад шаарындагы "Таж-Махал" кафесинин ээси болгон.

Учурда "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Saribulak
2017-01-23 09:58:44
Ммм
-5
killer5
2017-01-24 04:11:42
эки патсанчик, заказды аткарып, отуруп чыкканы да ыраазы окшойт? качып кетпегенине караганда
0
Ananai
2017-01-23 10:15:53
Жаткан жери жайлуу болсун. Кылмыш кылгандар оз жазасын алышы керек. Азыркы учурда бирөөнүн омуру деле оюнчук болуп калгандай аткылап олтуруп. Жаштардын көбү бузулду. Мунун эн тубундо жакырчылык. Жумуштун жоктугу, айлык акынын ото аздыгы.,бут продукта кымбаттыгы..
-1
meni_kut
2017-01-23 11:25:13
Saribulak,окуп ичинден эле ммм деп койсон болбойбу,жазбай.
-5
Saribulak
2017-01-23 19:35:46
meni_kut, сенин ишин канча деги
-1
farida.kg.1991
2017-01-23 12:11:22
кылмышкерлердин сүрөттөрүн неге көрсөтүшпөйт эл көрсүн.
-6
Ayida
2017-01-23 13:30:49
Буга окшогон кылмышты тез табышат.Башка улуттар кылмыш кылса таппай атабыз дешет тообо.Жондон жону жок атпаса керек.Тийиштик кылып акчасына коптуда.Тообо кылдымго Озгондо да Озбек туугандар Кыргыз кыздарды иштетип раса согот эле.Айтор Аллах баарына ыйман берсинда.
0
meni_kut
2017-01-24 01:44:35
Ayida,тууган дебей эле койчу
0
Kojosh80
2017-01-23 13:31:28
Журналисттер дагы коркушат го дайыма Д.А Р.Н ушинтип жазышат
0
mirlanpiter
2017-01-23 16:02:52
Kojosh80,Д.А.Й.Ы.М.А ушундай жазгыла деген буйрук барда
-2
Ayida
2017-01-23 13:31:29
Мен болуп жарбадым.Болгонун айттымда башынан откоргондор билетда
-2
Sema87
2017-01-23 19:08:14
эмне учун алардын аты жонун жузун жашырышат ачык эле чыгарып койбой дагы канча адамды тоноп коркутуп журушкон кылмышкерледи жашырбай ачык айкын жазсанар болот И Т. ХХХ дебей
0
admin_portal
2017-01-24 09:44:25
Sema87, этика нормаларын сактаңыз!
0
Ramina-malina
2017-01-23 23:46:23
Emne minus basyp jatasynar?Maga da basyp koigula)
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан