Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 5-май күнү Индиянын улуттук музыкасын жана бийин даңазалаган акысыз концерт болот. Уюштуруучулардын айтымында, бул кечени Сахаджа Йога коомдук кыймылы эки өлкөнүн маданий кызматташуусун чыңдоо максатында өткөрүп жатат. Ал эми бий, ыр өнөрлөрүн көрүүчүлөргө Орусиядан келген индиялыктар тартууламакчы. Концерт саат 14:00дө башталат.