21-декабрда Анталиянын Коркутели районунун жолунан сабалып, эс-учу жок абалда табылган 21 жаштагы М.Н. аттуу Кыргыз жаранына 2 ирет операция жасалган. Экинчи операциясы 27-январда жасалып, 31-январда мээсине кан коюлуп, абалы оорлошуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бүгүн, 3-февралда анын абалы жакшы болуп, жалпы бөлүмгө чыгарылганын SUPER.KG порталына мекендештер билдиришти.
"Кыздын башына операция жасалып, азыр абалы турукташып, күндөн-күнгө жакшы болуп бара жатат. Акыл-эси жайында, бир аз сүйлөй албай жатат. Дарыгерлердин кеңеши менен кыска сөздөрдү айттырып жатабыз. Кээде бир нерсени эстегенсип ыйлап калат. Азырынча каргашалуу окуя тууралуу суроолорду бербей элебиз", - деди мекендешибиз.
Учурда жабыркаган кыздын жанында апасы бар. Бул окуядан кабардар болгон түркиялык тургундар бүгүн жардамын чогултуп ооруканага келишери маалым болду.