SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектердин ал-кубаттан эрте тайышынын себептери" деген тема талкууга алынууда.
Автордун суроосу:
"Менин билишимче, эркектерибиз акыркы убактарда 30 жаштан кийин эле көпчүлүгү 1-2 жолкуга араң жарап калат, андан сырткары жыныс мүчөлөрү да кичине. Эмне себептен мындай болуп жатат, кандай кам көрүүгө болот?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эрин кубаттандыруу аял кишиден көз каранды. "Аш оңою атала" дегендей, полуфабрикатты алып келип эле жедире берсе, албетте, эрте эле жарабай калат. Анан да жылуулап, ден соолугуна ар дайым көңүл бөлүп туруу шарт, баладан бошобойм деп эле жүрө бербей".
"Биринчиси - секс өтө оңой нерсе болуп калып, эрте жаштан ар кандай адамдар менен кошулуп, ар түрдүү микрофлорага туш келип, аягында сен айткандай болуп жатат. Экинчиси - жашоо стили, тамактануу, кыймыл-аракеттин азайып кеткени. Акча маселеси күч алгандыктан, акча менен байланыштуу маселелер адамды стресс кылууда. Стресс бир эле алиги жакты эмес, ашказан, гастрит, геморройдон башталып, аялдын боюнан түшүшүнө чейин алып барат. Акыркысы - ичкилик жана баңгилик. Мектептен баштап ичүү көбөйдү. Жаш балдар, ичпегиле, эртең эле 30-35-40 жаш келет, аялыңарга жарабай калбагыла".
"Ар ким ар кандай го. 50 жаштагы катынпоз кишилер деле бар".
"Эркектердин ал-кубаттан эрте тайышынын себеби - тамактардын калориясы жок, бүт эле химикат болуп кеткени. Илгеркидей натуралдуу тамактар жок. Илгеркилер бир кыш чыкканча 2-3 кой союп жешкен, азыр килограммдап алабыз, өлчөп тамакка кошобуз... Айта берсең себептери көп".
"Спорт менен машыккыла, арак, тамекиден алыс болуп, "көрүнгөндөргө" барбагыла, оору жукса алсыз болуп калышыңар мүмкүн".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.