Бишкекте үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Улан-2 кичи районундагы №12-үйдө жашаган кыз үйдүн үстүнөн секирип өзүн өлтүрмөк болгон. Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары кызды аман-эсен алып түшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Кыздын аты-жөнү такталууда, берилген суроолорду жоопсуз калтырган", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.