"Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2016" наамынын ээси Бактыгүл Орозбаева менен SUPER.KG порталы уюштурган "Тамашоунун" SUPER.KG Кубогунун "Мыкты оюнчу" наамын жеңген "Универсал" командасынын оюнчусу Калыбек Турдубаев Бали аралын курчаган Инд океанына түшүп эс алышты. Учурда аралда 37-38 градус ысык болгондуктан күнү бою суудан чыгышкан жок.
Эртең жергиликтүү жашоочулардын турмушу менен таанышып, саякатты улантышмакчы. Экзотикалык аралга болгон саякат 12-февралда соңуна чыгып, алар мекенине кайтып келишет.