Президент жарандарды аскердик кызматка чакыруу жөнүндө жарлык чыгарды

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрдүн катарынан аскердик жана альтернативдик кызматтын мөөнөтүн өтүп бүткөн аскер кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2017-жылдын март-майында жарандарды аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыкта булар айтылат:

  • Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын мөөнөтүн өтүп бүткөн аскер кызматкерлери жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.
  • Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2017-жылдын март-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматкерлерин, альтернативдик кызматтын кызматкерлерин бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктасын.
  • Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bolotbeck1983
2017-02-09 12:14:15
Ата Мекенге кызмат кылууга аскерге баргыла жаштар!
+3
Samina007
2017-02-09 12:41:58
Сто дневка башталды деп койоор элек убагында биз указ чыкканда
0
kyzburak87
2017-02-10 10:42:55
Сураныч кара тизмеде бар же жок экенинди кантип билсе болот урматтуу супер инфо
0
nur_zhoni
2017-02-10 20:27:07
kyzburak87,чек арага чакырып жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан