SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ош-Бишкек жолуна темир жол салышса жакшы болмок" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кандуу жолдо жүк ташыган фуралар, анан жеке жумуштары унаа менен бүтө тургандар гана жүрүшсө. Жүргүнчүлөр поездде каттаса жакшы болот".
"Жол азабы - көр азабы" деп коёт эмеспи, кичине болсо да жол киреге үнөмдүү болмок. Жүргүнчүлөр кыйналбай, кеңири уктап жетип алышмак".
"Темир жол керек, бирок унаа жолдорун дагы көбүрөөк салыш керек, жаңы жолдорду салыш керек, темир жол менен эле каттасак болбой калат".
"Бизге, оо, Акаевдин убагында эле сунушташса керек эле же Бакиев убагында беле? Япондор "силерге Ош-Бишкек жолуна темир жол куруп берели. Акысына салган жолдон кандай кен байлыктар чыкса, биз алабыз" дегендей кылганда, биздикилер кабыл алышпаган болуш керек эле".
"600 чакырымга темир жол салыштын кереги жок. Темир жолду жок дегенде 2000 чакырым узун жолго же башка мамлекеттер менен байланышкан жолдорго салган жакшы. Анан да темир жол салсак, карызыбыз көбөйөт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.