Бишкектеги Ак-Ордо конушунун кире беришиндеги жерге тиейин деп калган зымдар оңдолду. Бул тууралуу окурман бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ, 9-февралда "Элдик кабар" рубрикасына окурман Гагарин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде зымдар жерге тиейин деп турганын жана унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айткан.
Бул маселе боюнча "Түндүк электр" ишканасына байланышка чыксак, басма сөз кызматы зымдар электр чубалгысы эмес экенин, интернет-провайдерлердин бириники болгонун билдирди.