SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мени көбүнчө "мамалак, былтышкам" деп эркелетет, анан кээде эле "торпогум" деп жинге тийип калат".
"Эч кимди, эч кандай деп эркелетпейм жана мени эч ким, эч нерсе деп эркелетпейт".
"Мен ар түрдүү эркелетчүмүн, "помпогум", "ак аюум", күчүгүм" деп. Бирок азыр эркелеткенге эч ким жок".
"Мен "ак куум, аппагым, жүрөгүм" деп эркелетем, ал мени "жаным" десе эле бүттү, эрип кетем".
"Мага "жарыгым" дегени жагат".
"Мени "торопой, торопойчик, торопоюм, торопошкам, фунтик, фунтикоо" деп эркелетет. Акыркы күндөрү арыктап кеткенге, "менин торопоюм качан чочко болот?" деп жүрөт".
"Бултушкам менин" деп эркелетчүмүн, азыр башкасын "эркем менин" деп эркелетем, кээде "сасыгым" деп коём".
"Жаным, жан, торпок, сүйгөнүм", ар дайым ушул эле сөздөр 9 жылдан бери. Же ал башка сөз таппады эркелетүүгө, же мен таппадым. Наргиз атым унутулуп, жан болуп калган".
"Мышыгым, былтыгым, пумпуськам, кара көздүүм,аппагым, шириним" деп көп айтат экен".
"Ийнелигим" деп эркелетем, бечара арык да аябай".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.