Каракол шаарынын борбордук аянтында 1-Майга карата майрамдык парад өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Каракол шаардык мэриясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Азамат Чыныбаев билдирди. Анын айтымында, аталган парадда шаардын бардык мекемелери катышат. “Майрамга карата концерт уюштурулуп, азем жергиликтүү арттистердин коштоосунда өтмөкчү”,- деди А.Чыныбаев.