“Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев “Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 14-мартта кабыл алган. Ал коомдук кызыкчылыктарды коргоо, максаттарды, кызматтарды, программаларды жана республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик институттар көргөзгөн кызматтарды даңазалоо максатында мамлекеттик жана социалдык жарнакты өндүрүү, жайгаштыруу жана таркатуу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуу максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан