Депутат Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге эмнеге киргенин түшүнбөй жатат

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын 17-февралдагы отурумунда депутат Таабалды Тиллаев өкмөт мүчөлөрүнөн Кыргыз өлкөсү эмнеге Евразиялык экономикалык биримдикке киргенин сурады. "ЕАЭБге кирүү боюнча өкмөттүн позициясы кандай? Кирүүнүн негизги максаты кандай эле?", - деп кызыкты депутат.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин жооп беришинче, эгер Кыргыз мамлекети аталган биримдикке кирбегенде, товарларды экспорттоо кыйын болуп калмак. "Дүйнөдө мамлекеттер аралык 200гө жакын уюм бар. Алардын 20сы ири уюмдар. Бүгүнкү мезгилдин талабы эл аралык уюмдарга интеграциялоо. Кыргыз өлкөсүнөн товарлардын көбү Казакстанга жана Орусияга экспорттолот. ЕАЭБге кирбегенибизде, бажы төлөмдөрү кыйла кымбаттап, ата мекендик өндүрүүчүлөргө оор болуп калмак", - деди чиновник.

Мындан тышкары Кожошев ЕАЭБге кирүү эмгек мигранттарына жеңилдиктерди түзгөнүн айтты. Депутат Тиллаев аны менен макул болгон жок. "Мигранттардын маселесин башка жол менен чечсек болмок", - деген пикирин айтты депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ilgis1991
2017-02-17 12:52:55
мигранттардын проблемасы наборот кыйындап атат ко....
+11
Jaloshtalnarisbatchui
2017-02-17 12:54:44
..каякта жашайт эле бул кунго чейин бул депутат... кыргыздар суроо бергенге эле кыйынбызда... силер уурулардын айынан кирдик ал жакка..колдонгон светинердин акчасын толобойсунор анан суроо бересинер...
+1
92nuraaly
2017-02-17 12:55:35
Киргенден кийин ойлонбой киргенге чейин ушуга окшогон суроонорду берип жообун укбайт беленер.
+2
bosmos777
2017-02-17 12:58:38
Жалган айтыптыр! Казак жеринде, мекендештер кандай акыбалда экенин билбедим? Бирок Москвада ото оор акыбалда.тжик менен гозбек коншулардын жарандары сыяктуу эле кармап кетет. Же олкосунон айыпсыз чыгарылат.
+6
suban78
2017-02-17 13:29:11
Мигранттарга жакшы эле болду, ай сайын патентке 4000 рублдан толоп журсок эмне болот эле. Полиция мени кобунчо паспортуму коруп эле кое беришет.
0
Shadykanov
2017-02-17 13:34:23
ХХХ ишинерди кыла бергиле кошула элеке чейин киминер кыйраттынар эле мигранттардын маселесин башка жол менен атанардын башыда чечпейт болчусунар эмненер кемип атат кошулдук иштегиле
+5
admin_portal
2017-02-17 13:45:42
Shadykanov, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
Yahoo
2017-02-17 13:45:42
Мигранттарга женил эле болдуго,башка жолдору болсо айтпайбы? Бул депутаттын коншулаш олколор менен анча алакасы жок киши окшойт.Анда сыртта жургон мигранттарды иш менен камсыз кылып чакыртып алсын.
0
Ago
2017-02-17 14:32:04
Кандай кылып чечсе болоорун айтса болмок бул акылдуу депутат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан