"Калктын кендерди иштетүү жана экологиялык кесепеттер үчүн кооптонуусу өткөн жылдары бул тармакта орун алган коррупциялык схемаларга жана иш жүзүндө көзөмөлдөн сырткары калган иштетүүлөргө байланыштуу келип чыккан. Кендерди иштетүүгө таптакыр эле тыюу салып коюу да туура болбойт. Тоо-кен өнөр жайы өлкө экономикасынын эң башкы багыттарынын бири болуп саналат. Кендер иштетилиши керек, ансыз биз эмгек мигранттарынын өлкөсү бойдон калабыз",- деди төрага.
Талас облусунун өкүлдөрү аймактагы андан башка да социалдык-экономикалык көйгөйлөргө, тагыраак айтканда, чек ара, мектептерди куруу, билим берүү мекемелерин оңдоо, айыл чарба өндүрүмдөрүн сатып өткөрүү маселелерине токтолушту.