Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Эрмек Турсуналиевге депутаттар ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшүүдө

Нарын шаардык кеңешиндеги “Нарын келечеги” көпчүлүк коалициясына кирген 18 депутат шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиевге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу аталган көпчүлүк коалициянын лидери Алмаз Абдыкадыров 1-майда билдирди. Айтымында, аталган 18 депутат төмөндөгүдөй билдирүү жасады:

 

“Шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев өзүнүн кыска мөөнөттөгү ишинде депутаттар жана фракциялар арасындагы ынтымакты бузуп, алардын ортосунда ажырым жаратты. Анын мындай мамилесин чагымчылдык катары эсептейбиз. Ошондой эле төрага шаардын мэринин ордун алууга кызыкдар деген божомолдор бар. Мындай аракетти анын өз кызыкчылыгын жогору койгондугу деп билебиз".

 

Эскерте кетсек, 30-апрелде Нарын шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп, анда күн тартибиндеги маселелерден сырткары шаар мэри Баатырбек Жээналиевге ишеним көрсөтпөө демилгеси азчылык коалициянын депутаттары тарабынан көтөрүлгөн. Шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев 11 депутаттын мындай сунушун канааттандырарлык деп таап, мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин кароону чечкен. Буга каршы болгон “Нарын  келечеги” көпчүлүк коалициясынын депутаттары жыйын залынан чыгып кетишкен болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан