super.kg logo

ТЕСТ: Эр-жигит эл четинде, ...?

 

Бүгүн, 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Бүгүнкү күн мырзалардын майрамы деп белгиленип жүрөт. Анткени, мекенди коргоо милдети биринчи кезекте мырзаларда. Кыргызда баатырдык, эрдик сапатка берилген баа макал-лакаптарда камтылуу. Тестте мекенди коргоо, эр жигиттик жөнүндө макал-лакаптар. Аларды толуктап, улантыңыз. Майрамыңыздар менен!



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

Эл четине жоо келсе...?

Кийинки суроо


... ат аяган жигитпи
... жан аяган жигитпи
... үйдө жаткан жигитпи

Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет... Макалды толуктаңыз?

"Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет", "Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет". Мекенди, элди коргоодогу жигиттердин милдетин баса белгилеген мыкты салыштыруу.

Кийинки суроо


... эр башына күн түшсө азуусу менен жип чечет
... эр башына күн түшсө маңдайы менен тоо сүзөт
... эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет

Баатыр мактанса бир октук, бай мактанса ...?

"Баатыр мактанса бир октук, бай мактанса бир жуттук". Каргаша келем десе, бир заматта деген ой. Жут каптаса жер жайнаган мал саналуу күндө кырылып калары белгилүү. Ошондой эле баатырдын тагдыры да кылдын учунда.

Кийинки суроо


... бир жуттук
... бир күндүк
... бир базарлык

Эр жигиттин ичине...?

"Эр жигиттин ичине ээртокумчан ат батат". Адатта чыгармаларда баатырлар март, майдаланып отурбаган ала көөдөн катары сүрөттөлөт. Бул макал да жигиттик кенендикти сүрөттөйт.

Кийинки суроо


... эбин тапсаң там батат
... ээр токумчан ат батат
... эсеби жок мал батат

Эр жигит эл четинде ....

"Эр жигит эл четинде, жоо бетинде". Мекенди коргоо милдети биринчи кезекте жигиттерде экени талашсыз.

Кийинки суроо


... жоо бетинде
... соо кезинде
... жоо жеринде

Баатырдын атын алыстан ук...?

"Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши".

Кийинки суроо


... жанына такыр жолотпойт
... жанына келсең бир киши
... жанынан көрсөң кейийсиң

Чечен сөз баштайт, баатыр...?

"Чечен сөз баштайт, баатыр жол баштайт". Илгери урушка же жортуулга аттанганда жоокерлерди баатырлар башкарган. Макалды баатыр кол баштайт деп да колдонсо болот.

Кийинки суроо


... чет качпайт
... жөн жатпайт
... жол баштайт

Чептен эрдин ... бек. Туура сөздү табыңыз.

"Чептен эрдин күчү бек". Жоомарт Бөкөнбаевдин поэмасы. Жоодон коргонуу үчүн элдин курган чеби улам урап түшө бергенде, аксакалдардын бири чеп бекем болушу үчүн жанына тирүү адамды көмүүнү сунуштайт. Ошондо өлүмгө бир жаш жигит бел байлап чыгат.

Кийинки суроо


... күчү
... сүрү
... үнү

Үйдө баатыр, жоодо...?

"Үйдө баатыр, жоодо жок". Бул макал бүгүнкү күнгө чейин эл арасында кеңири колдонулат. Мисалы, тар чөйрөдө сайрап сүйлөп, эл алдына чыкканда түзүктөп сөз сүйлөй албай калгандарга карата да айтылып жүрөт.

Кийинки суроо


... шок
... куудул
... жок

Жоону сайса эр сайды...?

"Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска". "Манас" эпосунан. Жоону Манас өзү жалгыз эмес, жоокерлер кошо жеңип, бирок элге Манастын гана даңкы чыкканына карата айтылган сөз.

Кийинки суроо


... аты калды Таласка
... аты калды Манаска
... аты калды Кыргызга

Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө....?

"Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул".

Кийинки суроо


... кул
... тирек
... коркок

Чечен доодо таанылат. Баатырчы?

"Чечен доодо таанылат, баатыр жоодо таанылат". Буга үндөш мындай да макал бар: "Жоого барсаң баарың бар, доого барсаң бириң бар".

Кийинки суроо


Тоодо
Жоодо
Тойдо

Жигитке канча өнөр аздык кылат?

Эл арасында кеңири колдонулуп жүргөн макал - "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат". Көп ишке жөндөмдүү адамдарга карата берилген баа.

Кийинки суроо


Элүү
Алтымыш
Жетимиш

Баатырдык билекте эмес...?

"Баатырдык билекте эмес, жүрөктө".

Кийинки суроо


... тилекте
... жүрөктө
... сынакта

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(39)
23.02.2017. 11:35 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
412
Катталган:
17-06-2015
Соӊку аракети:
10-07-2017 11:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscow
-1
100 упай алдым! Алга Кыргыз! Биз Эне тилибизди каада салтты ушундай жонокой нерседен баштаап.Жайылтбасак. Динчилдер Кыргызды тил жагынан,дил жагынан,каада салт жагынан.Кысымга алып! Бутундой нерсени арабтардын окуя макаласы кобойуп.Кыргызга жашоону араб турктор негиздееп бергендей болуп бара жатат!
23.02.2017. 12:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-2
bosmos777, негизи кыргыздар башынан эле мусулманчылыкта жашашкан, каада салттары динге негизделген, нанды кечинде жаап жат, улууну урматта, кичууну ызаатта, жб, ошондой эле коп создорубуз араб тилинен алынган, мектеп, китеп, жб, аялдар узун кийсе, эркектер баш кийимсиз жургон эмес-адепсиздик катары кабыл алынчу, кыргыздардын жашоосу динге негизделген.
24.02.2017. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ню Йорк
-1
gordaya, Кыргызды арап дегин келип атабы эми я? жоок эч качан андай эмес, дин жолуна берилип кетсен мекенини унутуп каласын!
23.02.2017. 19:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-07-2013
Соӊку аракети:
11-08-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чаткал
0
bosmos777 ото эле аша чаап кетпесен урматтуу мусулман бир тууганым
24.02.2017. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ню Йорк
0
bosmos777, туура айтасын башка элдер кыргыздын башын айлантыш учун акчасын да аябай мечиттерди салдырып жатышат, анан эле эр жигиттер атасынан мурда сакал коюп кыргыз экенин унутуп калгандар да бар экен
23.02.2017. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
28-09-2016
Соӊку аракети:
11-03-2017 08:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
72 балл
23.02.2017. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
11-10-2016
Соӊку аракети:
31-03-2018 19:29
Жынысы:
Белгисиз
-2
108 ой мен оой
23.02.2017. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 01:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БАРСЕЛОНА
0
рахмат бирге болсун
23.02.2017. 12:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
93 балл 13 туура
23.02.2017. 12:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
18-09-2016
Соӊку аракети:
15-09-2017 20:18
Жынысы:
Белгисиз
-1
84
23.02.2017. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
10-06-2015
Соӊку аракети:
15-06-2018 17:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Упай 100%.14 туура жооп.Кыргызымдын мырзалары майрамыныздар менен! Рахмат СуперИнфо кызыктуу тест учун.
23.02.2017. 12:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
19-04-2017 18:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
72 балл
23.02.2017. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
12-11-2016
Соӊку аракети:
22-06-2017 15:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
72. 14 суроонун тортоосуно туура эмес жооп бериптирмин...
akil.91 түзөттү 2017-02-23 13:21:56
23.02.2017. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
11-08-2014
Соӊку аракети:
13-11-2018 20:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтуу Кок-Арт ороону.
+1
Оңой эле суроолор экен, ошентсе дагы 4 суроодон адашып калдым)
23.02.2017. 13:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
баары туура, мага башка варианттагы жооптор да аябай жакты, элестетип кулдум
23.02.2017. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
04-02-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 16:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун аябай жакты.... 86 упай)
23.02.2017. 13:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
22-01-2014
Соӊку аракети:
11-05-2017 18:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
86 12туура 2-
23.02.2017. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
21-08-2016
Соӊку аракети:
21-05-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
100%
23.02.2017. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
521
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
93балл.Жигиттер майрамынар менен!!!
23.02.2017. 14:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
20-06-2015
Соӊку аракети:
17-02-2018 00:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкеk
0
72
23.02.2017. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
12-11-2016
Соӊку аракети:
22-06-2017 15:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо бир кундо бир жолу или бир канча жолу ушинтип ар кыл темадагы тесттерди жарыялап тура аласынарбы?
23.02.2017. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
31-08-2016
Соӊку аракети:
21-04-2017 10:50
Жынысы:
Белгисиз
0
86 упай 12 тууа жооп
23.02.2017. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
319
Катталган:
12-12-2012
Соӊку аракети:
01-07-2018 20:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 упай болду
23.02.2017. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
09-07-2016
Соӊку аракети:
07-05-2017 07:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Туууй ата 58 балл болуп калды;(
23.02.2017. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
22-12-2011
Соӊку аракети:
21-06-2018 10:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
108! тура 15 ката 5. ура эн коп мен таптым))
23.02.2017. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
13-11-2018 19:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
0
93 упай
23.02.2017. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
906
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:04
Жынысы:
Белгисиз
0
86 балл
23.02.2017. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
04-03-2017 13:35
Жынысы:
Белгисиз
0
86 экөө жаңылыш
24.02.2017. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
500
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
06-01-2018 15:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Г.Ош
0
86 ураа
24.02.2017. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
01-12-2015
Соӊку аракети:
12-06-2018 21:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Учунчусундо жеттим 100% ок
24.02.2017. 01:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
0
Мурунку тесттерди кайдан тапса болот
24.02.2017. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
26-06-2016
Соӊку аракети:
12-11-2018 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Германия. Мюнхен шаары.
0
14 tuura
24.02.2017. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
249
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 20:28
Жынысы:
Белгисиз
0
3 ката 11туура жооп. 79 балл
08.12.2017. 02:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
328
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
11-11-2018 12:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
100 балл
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: