super.kg logo

ТЕСТ: Желек күнү - Бишкектеги флагштоктун бийиктиги канча?

 

Бүгүн, 3-март - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги кабыл алынган күн. Мамлекеттик туунун белгилүү стандарттары, маани-маңызы, колдонуу эрежелери бар. Аларды сиз да билесиз. Билбегениңиз болсо, тесттен өткөндөн кийин көкүрөккө түйүңүз. Ийгилик сизге!



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кыргыз Республикасынын туусу качан кабыл алынган?

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Эгемендүү Кыргыздын желегине бүгүн 25 жыл толду.

Кийинки суроо


1991-жылы
1992-жылы
1993-жылы

Мамлекеттик желекке канча киши автор?

Желектин авторлору 5 киши. Алар: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков. Булардын айрымдарынын көзү өтүп кеткен.

Кийинки суроо


5 киши
3 киши
4 киши

Президент өөп жаткан...?

2011-жыл, 1-декабрь. Кызматка жаңыдан киришкен Алмазбек Атамбаев президенттик штандартты өөп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) - Кыргыз Республикасындагы президенттик бийликтин эн белгиси жана символу.

Кийинки суроо


... мамлекеттик желектин оригиналы
... Куралдуу күчтөрдүн желеги
... президенттин штандарты

Стандарт: желекте күн нурунун саны канча болушу керек?

Мамлекеттик резиденцияда сакталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин так эталонуна ылайык, күндүн нурунун саны 40 болушу керек. Авторлордун айтымында, 40 саны 40 уруудан куралган кыргыз дегенди түшүндүрөт.

Кийинки суроо


50
40
44

Авторлордун айтымында, желектеги кызыл түс...

Желекти иштеп чыккан топтун маалыматына таянсак, кызыл түс эрдикти жана тайманбастыктын символу. Бирок желектин кызыл түсүн "кандын түсү" деп коомчулукта, белгилүү адамдардын арасында жактырбай сындап жүргөндөр да бар.

Кийинки суроо


Эрдик жана тайманбастыкты билдирет
Байлык жана казынаны билдирет
Достуктукка бекемдикти билдирет

Өлкөдө эң бийик флагшток кайсы жерде?

Эң бийик флагшток Бишкектин четинде, Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосуна 2012-жылы орнотулган. Бийиктиги 75 метрди түзүп, желектин узуну 35, туурасы 20 метр. Флагшток жайгашкан жерден Бишкек алаканга салгандай көрүнүп турат.

Кийинки суроо


Ош шаарынын борбордук аянтында
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында
Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында

Стандарт: Желектин узуну 5 метр болсо, туурасы канча болушу шарт?

"Мамлекеттик символдор жөнүндө" мыйзамга ылайык, туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Демек, узуну 5 метр болсо, туурасы 3 метр болушу керек. Бирок бул норма дайыма эле сактала бербейт.

Кийинки суроо


Туурасы 3 метр болушу керек
Туурасы 4 метр болушу керек
Туурасы 2,5 метр болушу керек

Кайсы мекемеде мамлекеттик желек дайыма турууга милдеттүү эмес?

Аталган эки мекемеде тең мамлекеттик желек дайыма турууга милдеттүү. Мындан тышкары президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана депутаттарынын, премьер-министрдин, Жогорку соттун төрагасынын, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Акыйкатчынын жана башка мекеме жетекчилеринин иш бөлмөсүндө дайыма орнотулууга милдеттүү.

Кийинки суроо


Айыл өкмөт имараттарында
Борбордук шайлоо комиссиясында
Экөөсүндө тең турууга милдеттүү

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту качантан бери аскерлер кайтарат?

Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту Улуттук Гвардиянын аскерлери 1998-жылы 16-августунан бери кайтарат.

Кийинки суроо


1998-жыл, 31-августтан бери
1998-жыл, 16-августтан бери
1998-жыл, 3-марттан бери

Салтанаттуу иш-чарада Кыргыздын желеги унаанын оң жагына тагылабы же сол жагынабы?

Сол жагына тагылат. Тийиштүү мыйзамдын 7-беренеси: ... транспорт каражаттарында атайын орнотулган флагштокторго транспорт бараткан багыттын сол тарабына Кыргыз Республикасынын, ал эми оң тарабына - башка мамлекеттин туусу орнотулат...

Кийинки суроо


Сол жагына
Оң жагына
Айырмасы жок

2011-жылы желектин түсүн өзгөртүүнү демилгелеген экс-депутат?

Желектин өңүн өзгөртүүнү 2011-жылы Карганбек Самаков сунуштап, мыйзам даярдаган. "Желектин кызыл түсү көп адамдын каны сыяктуу кабыл алынат. Түндүк болсо күндүн нуру менен тегеректелип, ал болсо жалынга окшош, бул өлкө от менен курчалган деген маанини да туюндурат", - деген ал. Бирок демилге колдоо тапкан эмес.

Кийинки суроо


Турсунбай Бакир уулу
Бөдөш Мамырова
Карганбек Самаков

Тууну тескери илүүгө мыйзамда атайын жаза каралганбы?

Адатта желектеги түндүктү ылдый баш кылып илүү фактылары көп кездешет. Бул жагымсыз көрүнүш боюнча мыйзамда атайын жаза каралган эмес. Тийиштүү мыйзамда: "Тытылган же өңү өчүп калган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин пайдаланууга жол берилбейт" деп жазылган.

Кийинки суроо


Жок, каралган эмес
Ооба, каралган
Конституцияда бар

"Ала-Тоо" аянтындагы флагштоктун бийиктигин билесизби?

"Ала-Тоо" аянтындагы флагштоктун бийиктиги 45 метр. Башында анын бийиктиги 18 гана метр болчу. 2009-жылы узартылган.

Кийинки суроо


40 метр
45 метр
35 метр

Өлкөдө акыркы жолу качан аза күтүү жарыяланып, желектер түшүрүлдү?

Акыркы жолу Кыргыз жеринде 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыяланды. 16-январда Бишкектин четине Боинг учагы кулап, кырсыктан жалпы 39 адам каза тапты. Ондогон адамдар үй-жайсыз калышты.

Кийинки суроо


2010-жылы, Ош окуясынан кийин
2016-жылы, Орусияда 14 кыргыз кызы каза тапканда
2017-жылы, Боинг кырсыгынан кийин

Бул сөздөрдүн кайсынысы туу дегенге үндөш?

Асаба, байрак... Бирок адистердин арасында асаба деген сөз боюнча талаш жүрөт. Көпчүлүк адистер асаба - туунун синоними экенин айтышса, буга макул эместери да бар. Алар асаба - кездеме эмес, желек кадалган таяк экенин айтып жүрүшөт.

Кийинки суроо


Асаба, байрак
Добулбас, белес
Кандагай, жамак

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
03.03.2017. 09:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
19-04-2017 18:21
Жынысы:
Белгисиз
-2
54 балл 8туура 8ката
03.03.2017. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
12-11-2016
Соӊку аракети:
22-06-2017 15:03
Жынысы:
Белгисиз
-2
doki88,
8 туура болсо 7 ката болот. Экобуз бирдей экен.
03.03.2017. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
01-11-2015
Соӊку аракети:
18-06-2018 05:57
Жынысы:
Белгисиз
-2
akil.91,менде болсо туура 7 туурамес 8 болду
03.03.2017. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
12-11-2016
Соӊку аракети:
22-06-2017 15:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
USSRKG,
Бывает брат
03.03.2017. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
-2
7 kata 8 tuura joop eken. Mdaa.. rahmat silerge, kop nerseni bilip aldyk!
03.03.2017. 09:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 20:57
Жынысы:
Белгисиз
-2
60 бал
03.03.2017. 10:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
30-10-2016
Соӊку аракети:
14-08-2018 10:35
Жынысы:
Белгисиз
-2
67 балл
03.03.2017. 10:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
25-07-2013
Соӊку аракети:
04-08-2018 01:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-2
60
03.03.2017. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
28-05-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
100 балл эң жакшы
03.03.2017. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
12-11-2016
Соӊку аракети:
22-06-2017 15:03
Жынысы:
Белгисиз
-2
54. 15 суроонун жетоосуно туура эмес жооп бериптирмин...
03.03.2017. 10:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
08-11-2016
Соӊку аракети:
05-04-2018 07:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Г.Ош
-2
47
03.03.2017. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
28-09-2016
Соӊку аракети:
11-03-2017 08:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
47 балл
03.03.2017. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
17-06-2015
Соӊку аракети:
12-04-2017 12:41
Жынысы:
Белгисиз
-1
100 бал меники баары туура жооп чиркин
03.03.2017. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
04-03-2017 13:35
Жынысы:
Белгисиз
-1
47 ball
03.03.2017. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
538
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 01:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
60
03.03.2017. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
24-08-2016
Соӊку аракети:
23-06-2017 09:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
15 суроонун 7си туура эмес экен
03.03.2017. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
28-01-2012
Соӊку аракети:
19-09-2018 19:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
белгисиз
-1
74 балл 11 туура 4 ката
04.03.2017. 02:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
538
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 01:26
Жынысы:
Белгисиз
0
настроениеси жок бироо баардыгына минус басып чыгыптыр))
05.03.2017. 01:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
12-03-2016
Соӊку аракети:
22-06-2018 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург
0
surgeon777,озу 0 бал болсо керекта)
05.03.2017. 01:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
12-03-2016
Соӊку аракети:
22-06-2018 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург
0
60
06.03.2017. 01:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
25-06-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:31
Жынысы:
Белгисиз
0
80 bal 12 tuura 3 kata
06.12.2017. 20:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
40 упай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: