Бишкек шаарында биринчи жолу жаш комузчулардын сынагы өтөт. Сынактын максаты - салттык аткаруучулук искусствосун кыргыздын музыкалык аспаптарында сактап калуу жана аны өнүктүрүү. Ошондой эле өлкөдөгү музыкалык окуу жайларда аткаруучуларды даярдоонун деңгээлин жогорулатуу жана музыкалык окуу жайларга жардам берүү болуп саналат. Сынакка 6 жаштан 16 жашка чейинки комузчулар катышмакчы. Жарыштын 1-туру 26-апрелде башталып, 2-майга чейин музыкалык окуу жайлардын өзүндө өтөт. Ал эми 2-3-турлар К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда өтөрү күтүлүүдө. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана гала-концерт 8-май күнү аталган консерваториянын концерттик залында болот. Иш-чара К.Жекшенов атындагы коомдук фонд жана Бишкек шаардык мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жатат.