Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 38 даана китеп, 16 даана DVD-диск, 4 даана кол жазма дептер, 33 даана барак, карта сызылган баракча, телефон жана флеш-карта далил буюм катары алынды. Бул буюмдар боюнча соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголуп тергөө жана териштирүү иштери улантылууда.
Кармалган адамдар буга чейин соттолгон экени аныкталды. Алар “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү 1966-жылы туулган К.М., 1969-жылы туулган У.П, жана 1970-жылы туулган К.М. экени белгилүү болду.