ЭЛДИК КАБАР: "Ноокат-Кызыл-Кыя жолунунун тегиз жерине караганда тешик жерлери көбүрөөк" дейт нааразы окурман

"Ош-Ноокат-Кызыл-Кыя жолу менен чоңдорубуз, Ак үйдөгү депутаттарыбыз деле жүрүшөт. Эмнеге эч кимиси оңдоого сунуш кылбайт? Тегиз жерине караганда тешик жерлери көбүрөөк", - дейт окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
muratkg
2017-02-28 16:34:17
Эки областы бириктирген чон жолдун акыбалы ушундай болсо. Айылдын ичидеги жолду айткандын кереги деле жок экен да.
+5
mekenchil_jigit
2017-02-28 16:53:48
muratkg,Тура айтасын, аралыгы болгону бир сааттык жол бирок жеткенче геморойуң чыгат. Күнүнө миңдеген жүргүнчүлөр өтөт
+2
Tailgate
2017-02-28 16:35:10
Бул жол мамлекеттин эсинен чыгып калса керек менимче. Чондордун баары Баткенге самолет менен барышат дальше укмуш жол тандабастар! Ошко дагы самолет менен дальше дагы укмуш жол тандабастар кортеждери тим эле ичинде кудай бараткандай! Бизде эмне матиз фит жана башкалар кочугун узулгудой болуп отосун а буларчы оооооо кочугу оорубайтда !
+7
Tolkunbubu
2017-02-28 17:14:16
Тажадык озубуз бир айда беш метрден болсода жол салат окшойбуз. Бийликтегилер азыр креслону акчаны ойлошуп коздорун май басып жаткан мезгили.
+2
MexisT
2017-02-28 17:19:26
Бул жол беш жылдан бери каралбай келет жолду коруп мышыкты ыйлагысы келет
+1
Uson13
2017-02-28 17:44:21
MexisT,5 жыл эмес бул жол пайда болгондон бери каралбайт
0
Doni99
2017-02-28 17:29:01
Ooba
0
baltabai
2017-02-28 18:23:54
Оба жол ондош керек жарбайт
0
Kicha
2017-02-28 19:45:31
Темурлан деген ресторан бар анын ээси 1 км жерди ондойм озумдун акчама десе окмот ынабай койуптур биздин окмотто иштегендер жамбаш эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан