Казакстандыктар Конституцияны өзгөртүүдө ага өлүм жазасын киргизүүнү жана англис тилине расмий статус берүүнү талап кылышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары бүгүн, 1-мартта жазып чыгышты.
"Биз өлүм жазасы боюнча жана башка түрдүү маселелерди талкууладык. Жумуштук топ жарандар айткандын арасынан маанилүүсүн жана сунуштарды иргеп алышы зарыл, албетте, баарын эмес", - деп билдирген Нурсултан Назарбаев.
Ал эми кандай сунуштар болгону тууралуу президенттик админстрациянын жетекчиси Адильбек Жаксыбеков буларды билдирген.
"Мамлекеттик тилди күчөтүү, англис тилине расмий статус берүү, этникалык казактарды кабыл алуу эрежесин жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар бар. Ошондой эле өлүм жазасы боюнча да айтылган. Өлүм жазасы боюнча түрдүү пикирлер бар. Кээ бири тыюу салуу керек десе, башкалары колдонуу керек дешет. Жумуштук топ бардык сунуштарды көӊүл коюу менен карап, изилдеп чыкты".
Ал эми Назарбаев казак эли негизинен Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдойт деп эсептээрин айткан.