Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1953-жылы туулган Т.Н. кармалган. Ошондой эле кылмышка катыштыгы бар делип, шектүүнүн мурдагы жубайы 1956-жылы туулган А.М. жана алардын 1980-жылы туулган Т.Э. аттуу баласы да колго түшкөн. Азыркы тапта алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, А.М. маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү анын үйүнө мурдагы күйөөсү Т.Н менен кошо келген. Кийин Т.Н маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен. А.М. бул кылган ишин Т.Н экөөнүн ортосундагы баласы Т.Эге айтып берген.
Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда маркумду белгисиз кишилер өз үйүндө атып кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн.