Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун бекитилгенине 25 жыл болду. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады. Бул тууралуу 3-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы кайрылуусунда кыргыз эли Улуу Кыргыз каганаты сыяктуу мамлекеттин имаратын кайра кура алганын белгилеп: "Мамлекеттик желегибиз азыр дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун, эл аралык саясий, экономикалык, маданий, спорттук жана башка ири иш чараларда көккө көтөрүлүп, Кыргыз жараны экенибизге сыймыктануу сезими жаралды.
Саналуу эле жылдар мурдараак айрымдар Кыргыз Республикасын теӊсинбей, мамлекет боло албайт деп өйдөдөн карашчу. Биз рухубуздун тереӊдигин, намысыбыздын бекемдигин көрсөттүк. Эркин, келечеги кеӊ өлкө кура аларыбызды далилдедик. Эл аралык уюмдардын соӊку баасы боюнча Кыргыз өлкөсү КМШ мейкиндигинде эркиндик деӊгээли жогору турган сейрек өлкөлөрдүн катарында турат. Азыр тескерисинче көп мамлекеттер демократия куруунун уникалдуу тажрыйбасын бизден үйрөнүп жатышат. Кыргыз көчү түзөлдү. Биз тагдырлаш, максатташ, тилектеш экенибизди, баарыбыздын бир гана Кыргыз жери деген мекенибиз бар экенин аңдап түшүндүк. Максатташ коом гана дарыядай зор күч болот, өркүндөп өсөт", - дейт.