Бүгүн 4-март күнү Бишкекте Орусия хоккей федерациясынын президенти, Олимпиада оюндарынын 3 жолку чемпиону айтылуу хоккей дарбазачысы Владислав Третьяк менен Кыргыз өлкөсүнүн хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жолугуп, кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
"Орусия Кыргыз өлкөсүндө хоккей оюнунун өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт. Кызматташуунун алкагында биздин машыктыруучуларды бул жакка жөнөтүп, жергиликтүү адистерге өз тажрыйбасы менен бөлүшөт", - деди Третьяк.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын хоккей боюнча курама командасы Японияда өткөн кышкы оюндарда күмүш медалга ээ болушкан.