Кыргыз Республикасынан Кытайга жүк ташыган айдоочуларга Кытай тарап басым көрсөтүүдө. Бул тууралуу 9-мартта парламентте депутат Тазабек Икрамов билдирип, өкмөттү буга чара көрүүгө чакырды.
"Кытай кузову тент жүк ташуучу унааларды өз аймагына киргизүүгө тыюу салды. Биздин айдоочулар кире албай кайтып келишти. Жүк ташуучу унаалардын кузову контейнерден болсун деп жатат. Бул Кытайдын биринчи же акыркы талабы эмес, буга чейин да басым кылып келишкен. Тент кузовду контейнерге алмаштырууга 5 миӊ доллар кетет. Кытай өз кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жатат. Андай болсо Кыргыз мамлекети да өз талабын коюш керек. Кытай бийлиги менен сүйлөшүп биздин жарандардын укугун коргоп берели. Биздин жолдордо оор жүктүү унаалардын жүгүнө чектөө 44 тонна. Кытайдын унаалары кеминде 60 тонна менен кирип жатышат. Көзөмөлдү күчөтөлү", - дейт Икрамов.