super.kg logo

ТЕСТ: Ташбака талга чыкканда... Образдуу сүйлөй аласызбы?

 

Тийиштүү ойду курч, элестүү берүү жөндөмү кыргыздын канында бар. Мисалы, "иттей сулуу" десе, абдан сулуу адамды, "ташбака талга чыкканда" десе, чечилиши кыйын же дегеле болбос ишти түшүнөбүз. Фразеологизмдер... Кыргызчаӊыз жакшыбы, эне тилде шатырата сүйлөйсүзбү? Тестте 15 мисал сунуштайбыз, туура маанисин табууга аракет кылыӊыз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кабагына кар жаады...

"Кабагына кар жаап..." деген фразеологизм адамдын кайгырып, бир нерсеге кыжаалат болуп, анын негизинде маанайы түшүп калган абалын туюндурат. Мисалы: Асан эмгек өргүүсүнө чыкпасын угуп, кабагына кар жаады.

Кийинки суроо


Кар калың түшкөн мезгил
Маанайы түшкөн абал
Мал-жандын карда калышы, жутчулук мезгил

Үрүп чыгар ити жок...

"Үйүндө үрүп чыгар ити жок" - абдан кедей, колунда жок деген маанини түшүндүрөт. Бул фразеологизм адатта адабий чыгармаларда кездешет. Күнүмдүк турмушта да колдонулуп жүрөт.

Кийинки суроо


Үйүндө эч ким жок
Үйүнөн киши үзүлбөйт
Абдан кедей

Айшанын согончогу канабады...

"Согончогу канабоо" - төрөбөө. Мисалы, турмушка чыкканына 10 жылдан ашса да Айшанын согончогу канабады. Көркөмдүк образда колдонулат.

Кийинки суроо


Жарытып иш кылбады
Төрөбөдү
Айылынан алыска чыкпады

Чычканга кебек алдырбайт...

"Чычканга кебек алдырбайт" - мааниси абдан сараӊ, зыкым, этият, сак. Адабий чыгармаларда бул сөз көбүнчө бай-манаптарга, төбөлдөргө карата айтылат. Айрым учурларда адамдын зиректигин түшүндүрүү үчүн да колдонулат.

Кийинки суроо


Абдан сараӊ, сак
Абдан жолдуу, табышкер
Абдан каардуу, ачуусу чукул

Кой оозунан чөп албаган...

Кыргызда жоош, эч кимге зыяны жок, момун кишини "кой оозунан чөп албаган адам" деп коюшат.

Кийинки суроо


Мал бакканды билбеген
Абдан жоош, момун
Өтө жалкоо, бекерчи

Сокур молдо жетелеп баратат. Кайсы учурда айтылат?

Адам уйкусу келип, үргүлөп бараткан учурда "сокур молдо жетелеп баратат" деп айтылат. Мисалы: "Таласка жөнөдүк, бир убакта мени "сокур молдо жетелеп" баратканын көрүп айдоочу түртүп ойготту, сүйлөшүп баралы деди".

Кийинки суроо


Мас болуп баратканда
Сүйүүгө азгырылганда
Уйкуга алдырып баратканда

Үйдүн ичи ит байласа тургус...

Мааниси - абдан суук, жан чыдагыс суук. Адатта ит чыдамкай, жаны бышык жаныбар деп эсептелет. Ошондуктан айтылган сөз.

Кийинки суроо


Абдан суук
Ызы-чуу, жаӊжал
Өтө караӊгы

Байыш биттин ичегисине кан куят...

"Биттин ичегисине кан куят". Эптүү, тыӊ, өтө бышык адамдарга карата айтылган сөз. Болбос нерсени болтурат, колунан келбеген иш жок деген мааниде.

Кийинки суроо


Алдамчы, эки жүздүү
Мүнөзү жеӊил, чыдамы жок
Өтө бышык, эпчил, тыӊ

Ажыдаардын куйругун басуу...

"Ажыдаардын куйругун басуу" - бирөөнүн каарына калуу. Ушул эле сөздүн башкачараагы да бар: Жыландын куйругун басуу. Бул коркунучка кептелүү дегенди билдирет.

Кийинки суроо


Жол таппай адашуу
Эрдик кылуу, жоону жеӊүү
Бирөөнүн каарына калуу

Досумдун төбөсү көккө жетти...

"Төбөсү көккө жетүү" - абдан ыраазы болуу, кубануу. Мисалы: "Телефон чалып куттуктаганыӊ үчүн төбөм көккө жетти".

Кийинки суроо


Теӊсинбей калды
Ыраазы болду, абдан сүйүндү
Бийликке, бийик даражага жетти

Ак төөнүн карды жарылган мезгил...

Ак төөнүн карды жарылган мезгил - береке, молчулук кез. Кыргызда - бул күз мезгили. Мөмө-жемиш бышып, жайлоодон мал түшүп эли ичи берекеге толо түшкөн учур.

Кийинки суроо


Төөлөрдүн тууту башталган учур
Берекелүү, молчулук кез
Жайлоодо малдын кырылышы

Кечээги иши үчүн Эшмат бармагын тиштеди...

"Бармак тиштөө" - өткөн ишке өкүнүү. Мисалы: "Эшмат кечээ ачуу үстүндө досуна катуу сөз айтканы үчүн бүгүн бармагын тиштеди".

Кийинки суроо


Өкүндү
Кубанды
Сыймыктанды

Котур ташы коюнунда...

"Котур ташы коюнунда" - адатта жаныӊда сыр бербей жүрүп, ичинде жаман ниети бар адам. Бул жөнүндө "Коюнунда котур ташы бар достон, жүзүнөн заары тамган душман артык" деген сөз бар.

Кийинки суроо


Элдин мүлкүн жеген киши
Согушка жоо-жарагы даяр киши
Ичинде жаман ниети бар киши

Жылан сыйпагандай...

"Жылан сыйпагандай" - изсиз, такыр дайынсыз, дайын-дарексиз деген маанини билдирет. Мисалы, үй ичинен керектүү буюмду көпкө издеп таппай калганда "жылан сыйпагандай жок" деп айтылат.

Кийинки суроо


Үнсүздүк, жымжырттык
Ылдам, бат
Изсиз, такыр дайынсыз

Акматтын чымыны бар...

"Чымыны бар" - бир нерсеге жөндөмү, шыгы бар деген маанини билдирет. Бирөөнүн ырдаганын биринчи жолу көрүп жактырып, суктанган адам "баракелде, чымыныӊ бар экен" деп айтышы кадимки көрүнүш.

Кийинки суроо


Короосунда малы бар
Бир нерсеге шыгы, жөндөмү бар
Үйү сазга жакын, чымын-чиркейи көп

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(38)
15.03.2017. 09:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
14-10-2011
Соӊку аракети:
14-01-2018 15:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ҮРҮМЧҮ 乌鲁木齐
-2
+100
15.03.2017. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
12-03-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 20:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КЫРГЫЗСТАН
+1
14 туура чыкты
15.03.2017. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
-2
Он эки туура жооп
15.03.2017. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
22-02-2016
Соӊку аракети:
18-03-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
-2
13
15.03.2017. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын, Ат-Башы
-2
100
15.03.2017. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
651
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
-4
3эле туура жооп болду ото начар
15.03.2017. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-04-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 17:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-3
80 балл
15.03.2017. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
13-09-2018 20:51
Жынысы:
Белгисиз
-3
100балл,,эл арында колдонулган эле создор...
15.03.2017. 11:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
456
Катталган:
14-08-2016
Соӊку аракети:
22-07-2017 12:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
-3
100
15.03.2017. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
12-01-2012
Соӊку аракети:
19-09-2018 17:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-3
100 балл болду утук барбыкен
15.03.2017. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
08-11-2016
Соӊку аракети:
05-04-2018 07:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Г.Ош
-1
67
15.03.2017. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1213
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
-1
94 балл, жвман эмес.
15.03.2017. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
80 балл)))Кызыктуу тест.Даана кыргызча тест экен,пайдалуу!Рахмат Супер-инфо!Даагы кутобуз!
15.03.2017. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
17-09-2016
Соӊку аракети:
10-07-2018 11:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
94 бал, 14 туура, 1ката.
15.03.2017. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
17-09-2018 23:02
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл
15.03.2017. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
04-02-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 19:14
Жынысы:
Белгисиз
0
94балл))
15.03.2017. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 20:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
87 упай
15.03.2017. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
22-01-2014
Соӊку аракети:
16-09-2018 19:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар неге мынча ичи тар Адам болобуз неге десенер 100 десе 87 десе деле минус басыпсынар бири бирибизди коро албай журуп онолбой отуп кетебизго бул создорду кунумдук турмушта колдонгон создор экен 100 алса + басса 100 алган адамга баркелде дештин ордуна созсуз минус койуш керек айтайын дегенин журокту тазалайлы достор
16.03.2017. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
13-09-2018 20:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
baha1985,ичи тар итине бок бербейт кыргыздар бул жактан онугуп кеткенбиз.да тууганым..100балл десе минустарды баскан адамдар озулору билбейт билгендерди коро алышпаган денгээли эн томон адамдар...
15.03.2017. 16:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
22-12-2015
Соӊку аракети:
02-05-2017 14:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
67бал 10 туура 5 ката
15.03.2017. 16:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
18-09-2016
Соӊку аракети:
15-09-2017 20:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
биринчи жолу 100 балл, чет жерде жашасам дагы кыргызчаны унутпайм
15.03.2017. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
94 балл
15.03.2017. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
10-06-2015
Соӊку аракети:
15-06-2018 17:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 упай,15 туура жооп.
15.03.2017. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
500
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
06-01-2018 15:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Г.Ош
0
87 балл
15.03.2017. 20:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
25-01-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 19:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ардактуу айылым
+2
100 балл,ураа))
15.03.2017. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
321
Катталган:
11-08-2013
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:57
Жынысы:
Белгисиз
-1
127 балл, 19 суроо
16.03.2017. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
13-09-2018 20:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitunuk,жок нерсени айтпачы..
15.03.2017. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
26-05-2014
Соӊку аракети:
01-02-2018 08:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitunuk кантип 127 %алдын, алтыным бизге да уйротуп койчу, ОЗУ 15 суроо болсо сен кантип 19 суроого жооп бердин, ойлонуп алдачы, алтыным!!!
15.03.2017. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
586
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
87 балл 13туура
16.03.2017. 02:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:18
Жынысы:
Белгисиз
0
айтунукка минус баспайсынарбы оо минусчулар ордогу аявай гагалап учуптур калганына не себеп
06.12.2017. 20:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
Биринчи жолу 100 балл
17.05.2018. 15:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
06-05-2008
Соӊку аракети:
15-09-2018 19:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Izmir шаары
0
100
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: