9-март күнү белгилүү ырчы Назми чыгармачылык кечесин өткөрүп, жаӊы образда жаӊы чыгармасын күйөрмандарына тартуулады. Ырчы мындай өзгөрүүнүн үстүндө бир топ убакыт эмгектенгенин, убактысын, кызыкчылыктарын курмандыкка чалып, көп нерседен баш тартканын айтат.
"2017-жылдан тарта "CinemArt Production" продюсердик борбору менен келишим түзүп иштей баштадым. Арсен Мендебаев продюсерлик кыла баштагандан тарта образымды такыр башкача кылып өзгөртүүгө туура келди. Келбетиме, образыма, чыгармачылыкка жаӊылык, жаӊы дем киргизүү үчүн тынбай эмгектендим, чыгармаларды жаздырдык. Көп программаларга катышуудан, досторго жолугуудан баш тартууга туура келди. Кыскасы, бир топ эле "курмандыкты" кылдым десем болот", - дейт күлүп.
Ырчы үй-бүлөсүнүн, жолдошунун колдоосу менен ушундай жаӊы ийгиликтерге жетишип жатканын кошумчалай кетти.
"Чынында, мунун баарын үй-бүлөм, жолдошум, алардын колдоосу болбосо ишке ашыра албайт элем. Алар дайыма мага дем берип, ар тараптан колдоп жатышты. Андыктан бүгүн чыгармачылыкка жаӊы дем, жаӊы идеялар менен кириштим. Кечеге келген сахналаш досторум да чоӊ өзгөрүү болгонун, образым жакканын айтышып, ийгилик каалап жатышты".
Ырчынын жаӊы образын жогорудагы сүрөттөрдөн көрүп, "Бактым тоодой" чыгармасын шилтеме аркылуу өтүп уксаӊыз болот. Ошондой эле соӊунда ырчынын азыркы менен мурунку образын салыштыруу үчүн 2016-жылдагы түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.