Аравандагы Чөгөм айылында мектеп жылытылбай сабактын узактыгы 30 мүнөттөн болууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 11-мартта кабарлады.
"Айылыбызда бир гана мектебибиз бар. Быйыл мектепте 2017-жылы 45 минуттук сабак 30 минутага айланганына экинчи ай болду. Анткени мектепте жылуулук жок, суук, от жагылбайт. Мектеп жетекчиси ар кандай шылтоону айтып жүрөт. Билим берүүнүн системине ылайык окуу процессинин бузулушуна ким жооп берет?" - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.