"Манас" аэропортунда Стамбулга кетип жаткан эки кыз башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек-Стамбул каттамы боюнча TK347 авиарейси текшерүүгө алынып, анда 1995-жылы туулган С.З. жана 1998-жылы туулган С.Ж. кармалган. Алардын башка адамдын паспорту менен Стамбулга кетип бара жатышканы аныкталган. Айтымдарында, аларга Түркияга кирүүгө тыюу салынгандыктан ушундай кадамга барышкан. Тиешелүү документтер толтурулган соң, эки кыз УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.