Бишкекте 92 жаштагы ардагердин колу-бутун таңып, ири суммадагы акчасын, орден, медалдарын алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 45 жаштагы тургуну Л.В. жана Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Н. кармалды. Алардын жашаган жерин текшерүү учурунда ардагерге таандык 90 миң сом, бир планшет, 24 орден жана медалдар, куртка, жайкы бут кийим табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Эгерде ким сүрөттөгү адамдардан жабыркаган болсо, 0553 21-00-01 же 102ге кайрылса болот.
Айта кетсек, 13-март күнү саат 11:42 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 92 жаштагы Леонид Тузовго кол салуу болгону айтылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз аял эшигин каккылап, боюнда бар экенин айтып, ажатканага кирип алууну суранган. Эшикти ачкан соң аны менен кошо дагы бир аял кирип, ардагердин колу-бутун таңып, 182 миң сом акчасын, мамлекеттик сыйлыктарын алып кетишкен.
Ардагер ал акчаларды жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чогултуп жүргөн.
Леонид Тузов 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1951-жылдан тарта Кыргыз Улуттук университетинде эмгектенген. Физика-математика илимдеринин профессору. Бир катар мамлекеттик ордендер, медалдар менен сыйланган.