SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Азыркы өз кесибиңизге канааттанасызбы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Ооба, кесибиме канааттанам. Ойлосом, башка деле кесипке шыгым болбоптур. Кесибиме абийирдүү, жоопкерчиликтүү, татыктуу мамиле кылганга аракет кылам".
"Өзүм юрист болгум келген, азыр да бул кесипти кыялданып келем. Адамдар менен сүйлөшүп калганда "сен өзү сот эле болушуң керек экен" деп жүрөктү эзишет. Айла жок, ата-энемдин каалоосу менен окуп калдым, шүгүр кылып, кызыгып окуп жатам, эми буюрса, адамдарды сактайбыз".
"Кесибиме канааттанбай, шалаакы мамиле кылып келем. Келечегим кандай болот билбейм, баары бир көңүлүм бар жактарга тартыла берем го..."
"Жок, канаттанбайм жөн гана шүгүрчүлүк кылам. Президенттин айдоочусу болгондо гана ыраазы болмокмун".
"Жумушумду жактырбайм, бирок бекер жүргөнгө караганда туруктуу жумушум бар".
"Негизи мен педагогмун, кесибим боюнча бир эле жыл иштедим. Мугалим болуу абдан кыйын экен, эжейлердин кадырын ошондо билдим жана ыраазы болдум. Өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат экен, бирок мен хоббим боюнча иш алып барууну чечтим".
"Министр же Президенттин аппарат башчысы болгондо гана канааттанам".
"Көпчүлүгү кесибине канаттанбайт экен. Эмнеге окудуңар анда?"
"Чынын айтсам, дагы эле өзүмдү таба элекмин. Мезгил менен ар кайсы кесиптин ээси болгум келе берет. "Мен кесипти эмес, кесип мени тапты" деген адамдарга суктанам".
"Урулуп, согулуп отуруп, өзүм сүйгөн кесип мени тандап алды, ар бир иш убактым кызыктуу өтөт".
"Ар тараптан өзүмдү сынаганды жакшы көрөм, көп жумушта иштеп көрдүм, көп нерсени үйрөндүм. Бир жерде узак убакытка кармалып калгым келбейт, жаңы нерселерди үйрөнүү, изденүү жагат. Бирок өлкөбүзгө барсам, өз кесибим менен иштейм, мейли, башында айлык аз болсун, ошого канагат кылам".
"Өз кесибим боюнча иштеген жокмун, себеби жумуш таба албадым. Ошентсе да, азыркы жумушум жагат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.