super.kg logo

ТЕСТ: Жогорку Кеӊешке саякат...

 

Жогорку Кеӊеш тарайт-тарабайт деген жоромолдор күчүндө. Депутаттарды "позициясы жок, эркин эмес" деп сындагандар да, аларды эл шайлаганын айтып, парламент өзүнүн мөөнөтү бүткүчө иштеши керек дегендер да бар. Депутаттар кантип иштеп, талкуу майданынан чыкпаган Жогорку Кеӊеште эмне окуялар болуп жатканын билесизби? Бүгүнкү тест - парламентке саякат...



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышы качан шайланды?

Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышы 2015-жылдын 4-октябрында шайланган. 6 партия жетиштүү добуш топтоп парламентке келген. Алар: КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" жана "Ата Мекен" партиялары.

Кийинки суроо


2015-жылы, октябрда
2016-жылы, ноябрда
2014-жылы, сентябрда

21 жаштагы жаран Жогорку Кеӊешке депутат боло алабы?

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренеси, 2-пункту: Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Кийинки суроо


Жок, жашы жетпейт
5 миӊ шайлоочу талап кылса боло алат
Ооба, мыйзам жол берет

Партия тизмесинин канча пайызы аял болушу керек?

Мыйзамга ылайык, партиянын тизмесинин 30 пайызы аялдар болушу керек. Бул норма шайлоо алдында сакталганы менен, парламентке өткөн партиялар аялдарга көбүрөөк орун берүүгө анчалык кызыкдар эместигин убакыт көрсөтүүдө. Салыштырмалуу КСДП фракциясында аял депутаттар көбүрөөк.

Кийинки суроо


40 пайызы
30 пайызы
25 пайызы

Учурда бир дагы аял депутаты жок фракциялар?

Парламенттеги "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларында бир дагы аял депутат жок. "Кыргызстандан" парламентке келген аял депутаттар түрдүү себептер менен мандаттан ажыратылып, ордуна эркек депутаттар келишти. "Бир болдо" да ушундай эле жагдай.

Кийинки суроо


"Ата Мекен" - "Өнүгүү-Прогресс"
"Кыргызстан" - "Бир бол"
КСДП - "Республика-Ата Журт"

Парламент: депутаттын төш белгисиндеги жазуу?

Жогорку Кеӊештин депутатына кызматтык күбөлүк жана төш белги ыйгарылат. Төш белгидеги жазуу - Жогорку Кеӊеш.

Кийинки суроо


Жогорку Кеӊештин депутаты
Кыргыз парламенти
Жогорку Кеӊеш

Мыйзамга ылайык, себепсиз 30 күн жыйынга катышпаган депутат...

Жогорку Кеӊештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин жыйналыштарына бир сессиянын ичинде жүйөлүү себепсиз 30 жана андан ашуун иш күндөрү келбесе, депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулат.

Кийинки суроо


... мандаттан ажырайт
... кылмыш жообуна тартылат
... 100 миӊ сом айып төлөйт

Бул депутат мандаттан баш тарткан. Себеп...

"Бир бол" фракциясынан парламентке депутат болуп барган Чолпон Жакупова Конституцияны өзгөртүү демилгесине кескин каршы чыккан. Эгерде Баш мыйзам өзгөртүлчү болсо, депутаттыктан баш тартарын айтып, 2017-жылдын башында мандатын тапшырды. Конституция 2016-жылдын 11-декабрында Референдум аркылуу өзгөртүлдү.

Кийинки суроо


Фракциядан чыгарылышы
Үй-бүлөлүк шарт
Конституциянын өзгөртүлүшү

Жогорку Кеӊештин жыйыны парламенттен башка жерде өтүшү мүмкүнбү?

Зарылчылык жаралса, Жогорку Кеӊештин жыйналыштарын парламент имаратынан башка жерде өткөрүүгө мыйзам жол берет.

Кийинки суроо


Жок, жол берилбейт
Ооба, өтүшү мүмкүн
7-апрелде гана уруксат

Жакында КСДП фракциясынан ким чыгарылды?

КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев чыгарылды. КСДП партиясынын саясий кеӊеши "Акаевдин иш аракеттери фракциядагы ич ара ынтымакты чыӊдоого туура келбейт" деп бүтүм чыгарып, бул чечимди парламентте КСДП фракциясы да колдоого алды.

Кийинки суроо


Ирина Карамушкина
Узарбек Жылкыбаев
Жанар Акаев

Азыркы депутаттарда кызматтык автоунаа барбы?

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары 2015-жылы кызматтык унаадан жана 1 жардамчыдан баш тартышкан. Бирок айрым фракция лидерлери азыркыга чейин кызматтык унаада жүрүшөт.

Кийинки суроо


Бар
Жок
Жарымында бар

Чыныбай Турсунбеков азыркы учурда...?

Чыныбай Турсунбеков азыркы учурда парламент спикери. Буга чейин Жогорку Кеӊештеги КСДП фракциясын жетектеп келген.

Кийинки суроо


КСДП фракциясынын лидери
Спикердин орун басары
Парламент спикери

Экөөнүн кимиси президенттик жарышка түшүүнү чечти?

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов да, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да быйыл күзүндө өтүүчү президенттик жарышка катышарын ырасташты.

Кийинки суроо


Экөө теӊ
Өмүрбек Бабанов
Бакыт Төрөбаев

Депутатты артка чакыртып алуу мүмкүнбү?

Мүмкүн эмес. Конституциянын 73-беренесинде "Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт" деп жазылган.

Кийинки суроо


Мүмкүн эмес
Толук мүмкүн
Фракциядан көз каранды

Булардын кимиси экс-спикер эмес?

Өмүрбек Текебаев да, Адахан Мадумаров да убагында парламент спикери болушкан. Демек, туура жооп - Иса Өмүркулов.

Кийинки суроо


Өмүрбек Текебаев
Иса Өмүркулов
Адахан Мадумаров

Жыйынга 1 күн себепсиз катышпаган депутаттын жазасы?

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, жыйынга себепсиз катышпаган депутаттардын айлыгынын 10 пайызы кармалат. Бирок бул жаза депутаттардын жоопкерчилигин күчөтө албай келет.

Кийинки суроо


Бир күндүк маянасы кармалат
Кийинки жыйында микрофон берилбейт
Айлыгынын 10 пайызы кармалат

Экс-депутат Лунара Мамытованын азыркы кызматы?

Жогорку Кеӊештин мурунку депутаты Лунара Мамытова 2016-жылдын ноябрында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалган.

Кийинки суроо


Диктор
Министрдин орун басары
Фонд төрайымы

Жогорку Кеӊеште мыйзамдар канча окууда кабыл алынат?

Мыйзамдар 3 окуудан кабыл алынат. Биринчи окууда долбоордун концепциясы, максаттары жана милдеттери жана башкалары талкууланат. Экинчиде жооптуу комитетке келип түшкөн сунуштар боюнча мыйзам долбоорунун беренелери каралат. Үчүнчү окууда мыйзам долбоорунун текстине редакциялык оңдоолор киргизилет.

Кийинки суроо


2 окууда
3 окууда
4 окууда

Сүрөттөгү экс-депутатты тааныйсызбы?

Мээрбек Мискенбаев. Коомчулукка куудулдар Рахман Разыков менен Тынар Курбаналиевдин интермедиясын сындап чыгып кеӊири таанылды. Учурда "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин жетекчиси.

Кийинки суроо


Мээрбек Мискенбаев
Абдыманап Кутушев
Төрөбай Зулпукаров

Парламент өзүн-өзү таратышы үчүн канча депутат добуш бериши керек?

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Баш мыйзамдын 78-беренеси: Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн. Демек, 80ден ашык депутаттын добушу менен.

Кийинки суроо


60тан ашык
80ден ашык
40тан ашык

Экс-төрагага сын: "Мага кийлигишпей, тамадалык ишиӊизди алып бара бериӊиз..." Кимдин сөзү?

Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышында төрага Асылбек Жээнбековдун чектөөсүнө нааразы депутат Мыктыбек Абдылдаев "сиз мага кийлигишпей, тамадалык ишиңизди алып бара бериңиз" деген. Жээнбеков депутатка тамада эмес, төрага экенин эскерткен.

Кийинки суроо


Аида Салянованын
Рыскелди Момбековдун
Мыктыбек Абдылдаевдин

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
29.03.2017. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
21-09-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:42
Жынысы:
Белгисиз
0
55 балл
29.03.2017. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
579
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
20-11-2018 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле болдум
29.03.2017. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
24-01-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
0
45бал
29.03.2017. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
11-05-2015
Соӊку аракети:
24-06-2018 22:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
105 балл
29.03.2017. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
28-04-2015
Соӊку аракети:
05-11-2018 10:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саясатка кызыкпай калсам керек 50 бал уят эле.
29.03.2017. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
19-04-2017 18:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
45 упай шарманда
29.03.2017. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
07-04-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 21:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
0
70 балл
29.03.2017. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
20-11-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
85 упай 3ката
29.03.2017. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
13-10-2011
Соӊку аракети:
04-11-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
рес. Cyперстан\ г. LoLo\ ул. PePe\ кв. 2
0
65 балл
29.03.2017. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
29-12-2011
Соӊку аракети:
15-09-2018 13:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
90 упай
29.03.2017. 14:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 20:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Жакшы суроолор экен...дагы күтөбүз
29.03.2017. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
29-03-2016
Соӊку аракети:
02-09-2017 16:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
90 Экинчиси упай )))
AsNasridinov түзөттү 2017-03-29 15:20:29
29.03.2017. 15:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
17-09-2016
Соӊку аракети:
12-02-2018 20:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
AsNasridinov, азаматсын сенин чымынын бар да каралдым :)
29.03.2017. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
30-03-2012
Соӊку аракети:
07-01-2018 19:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
90 упай
29.03.2017. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
17-09-2016
Соӊку аракети:
12-02-2018 20:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
мындай тесттерди кобуроок киргизсениздер, озубузду текшергенче кыйла маалыматка ээ болуп калат экенбиз. Алдын ала рахмат.
29.03.2017. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
916
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
19-11-2018 02:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мискенбайыпты кимдер гана тааныбайт...
05.12.2017. 18:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
328
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
20-11-2018 10:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
85балл
16.04.2018. 01:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
0
55
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: