Икрамжан Илмияновго Жогорку Кеңешке депутат болуу кезеги келди

КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка тизме боюнча Икрамжан Илмиянов келет.

Икрамжан Илмиянов 1975-жылы 1-июлда Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Ал 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын 27-октябрына чейин мамлекет башчынын кеңешчиси кызматын аркалап келген. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Мурун Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеп, азыркы кызматтык деңгээлге жеткен Илмиянов президенттин жакын адамдарынын бири экени айтылып жүрөт.

Айта кетсек, КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутат Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалары айтылып жаткан. Бүгүн, 17-мартта У.Жылкыбаев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан