Кытайда койдун этине окшоштурулуп жасалган келемиштин этин саткан 900дөй соодагер жоопко тартылышты. Маалыматта белгилүү болгондой, акыркы 3 ай ичинде мындай жасалма эттен болжол менен 20 тонна сатыкка чыгып кеткен. Кытайдын Уси шаарында мындай этти түлкү, суур, чычкан, келемиш сыяктуу жаныбарлардын генинен алынган химиялык кошулмалардан жасап сатышкан. Мындан сатуучулар 10 миллион юань киреше алып келгени маалым болгон.