Англиянын полициясы 11 жаштагы кош бойлуу кыздын ишин иликтейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кош бойлуу кыздын аты-жөнү юридикалык себептерден улам айтылган эмес. 11 жашар кыз жакында көз жаруу алдында турат. Баланын атасы өспүрүм кыздан бир канча жашка улуу экени айтылат маалыматта.
2014-жылы Англияда 12 жаштагы Лондон шаарынын жашоочусу эң жаш эне деп табылган. Ымыркайдын атасы ал учурда 13 гана жашта болгон.