ЖЫЛНААМА, 18-МАРТ: "Клон" сериалында Жадинин ролун жараткан актриса Жованна Антонелли 41 жашка толду

"Клон" сериалында Жадинин образын жаратып, таланты менен көпчүлүктүн купулуна толгон бразилиялык актриса Жованна Антонелли 41 жашка толду. Ал 1976-жылы, 18-мартта Рио-де-Жанейродо төрөлгөн. Актрисанын атасы белгилүү опера ырчысы, ал эми апасы мыкты балерина болгон. 11 жашынан тарта кичинекей Жованнанын таланты ачылып, балдар театрында ролдорду жарата баштайт. Алгач “Тропиканка” аттуу теленовеллада тартылып, көп өтпөй сериалдарга чакыруу ала баштайт. Ал эми актрисалык алтын таажыны 2001-жылы “Клон” сериалына тартылганда тагынган. Учурунда бул сериал 90дан ашык өлкөдө популярдуу болгон.

Жеке жашоосу

Актриса эки жолу расмий никеге турган, бирок үч баласын жарандык никедеги күйөөлөрүнөн төрөгөн. Биринчи жолу Рикардо Медину аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, төрт жыл жашагандан кийин 2001-жылы ажырашкан. Кийин "Клон" сериалындагы сүйүктүүсү Мурилу Бенисио менен реалдуу жашоодо дагы мамиле түзүп, 2005-жылы уулдуу болгондон кийин экөө эки жолго түшүшөт. 2007-жылы Роберто Локасцио аттуу ишкерге турмушка чыгып, төрт ай жашагандан кийин дагы ажырашып кеткен. Азыркы тапта ал режиссёр Леонардо Ногейра менен жашайт. Түгөйлөр 2010-жылы эгиз кыздуу болушкан.

18-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Hatali
2017-03-18 14:34:31
Эх Жади Жади жаштыгымды эстеп кеттим.
+3
Bubu88
2017-03-18 16:01:30
Биз сүйгөн Жади
+2
bond02
2017-03-18 16:15:14
Бешинчиси болуп мага да бир жолу тийчи.
+2
Kroxa
2017-03-18 23:07:52
Лукастан уулу бар экен да..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан