Бүгүн, 21-мартта өлкө аймагында Нооруз майрамы белгиленүүдө. Бишкектеги "Манас" айылында Ынтымак, Орто-Сай, Киргизия, Чоң-Арык айылдарынын тургундары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулган. Бүгүнкү саамалыкта кол өнөрчүлөр жарманкеси, концерттик программа, спорт оюндары орун алат. Чоң-Арык муниципалдык башкармалыгынын башчысы Кушчубек Шабралиевдин айтымында, иш-чарага Ленин районунун акими менен Бишкек шаарынын мэринин келиши күтүлүүдө.
"Иш-чараны биздин муниципалдык башкарма майрамдык маанай тартуулоо максатында шаар тургундары үчүн уюштурган. Кол өнөрчүлөр, таттуулар жарманкелери өткөрүлүп жатат. Мындан сырткары, спорттук оюндар жана концерттик программа тартууланат. Ал эми боз үйлөр айылдардын активисттери тарабынан тигилди", - деди К.Шабралиев.
Майрам күнү эс алуунун ордуна иштегени чыккандар да бар. Алардын айтымында, мындай майрамдарда кирешени өзгөчө көп табууга мүмкүн.