ӨКМ: "Өлкө аймагында акыркы суткада 7 кар көчкү түшүп, унаа жолдорун тосуп калды"

Өлкө аймагында 22-март күнү 7 кар көчкү түшүп, унаа жолдорун тосуп калган. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-март күнү Ош, Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад облусунун аймактарында жана Чаткал, Тогуз-Торо районунун унаа жолдоруна кар көчкү түшкөн.

"Учурда атайын техникалар тартылып, унаа жолдоруна түшкөн кар көчкүлөр тазаланууда. Айрым жолдорго түшкөн көчкүнүн көлөмү 3 миң метр кубга жеткен. Негизинен кар көчкүдөн жабыркап адам өмүрүн алган окуя катталган эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан