Алмазбек Атамбаев Кыргыз мигранттарынын абалы жөнүндө маалымат алды

Эмгек мигранттары социалдык-укуктук көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекеттен көрүшү, сезиши керек. Ошондой эле өздөрүнүн укуктары менен милдеттерин билиши шарт. Бул тууралуу 23-мартта президент Алмазбек Атамбаев Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Медетбек Айдаралиевди кабыл алууда билдирди. Өлкө жетекчиси Кыргыздын чет жердеги мигранттарын колдоо иштерин жандантуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын айтат.

Айдаралиев чет жердеги, айрыкча Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерди Кыргыз мигранттарын колдоо жаатындагы жаӊы иштерди атады. Өлкөнүн ЕАЭБге кириши менен мигранттардын абалы жакшырганын, миграция кызматы Кыргыз жарандарын уюшкандыкта ишке орноштуруу системин өнүктүрүүгө аракет жасалып жатканын айтат мекеме жетекчиси.

Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын 1 миллиондой жараны бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан