"Береке" бий ансамбли бир жылдык отчёттук концертин берди

3-майда Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда “Береке” бий ансамблинин бир жылдык отчёттук концерти өттү. Анда аталган топтун кыздары кыргыз, уйгур, япон, өзбек жана башка 15тен ашуун улуттун бийлерин көрүүчүлөргө тартуулашты. Мындан сырткары эстрада жылдыздары келип, бийчи кыздардын талантына ийгилик каалап, ырдап, куудулдар элди күлдүрүштү. “Береке” бий ансамбли мындан 6 жыл мурун түзүлгөн, анда курамында 100гө жакын кыз болгон.  

“Учурда кыздарымдын саны 300гө жетип калды. Албетте, бул көрсөткүч мен үчүн абдан кубанычтуу. Алардын ичинде 3 жаштан баштап, 23 жашка чейинки жаш таланттар бар, баары мага бир тууган сиңдидей эле болуп калышкан”,- дейт ансамблдин негиздөөчүсү Айнура Кыдыралиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан