Жыл башынан бери Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган 910 курулуш сүрдүрүлдү

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган 910 курулуш сүрдүрүлгөнү бүгүнкү Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын маалымат жыйынында айтылды.

"2017-жылы 910 мыйзамсыз курулуш сүрдүрүлдү. Алардын ичинен 117си майда дүкөн жана күркөлөр сыяктуу жеңил курулуштар. Ал эми 14 курулуш капиталдык курулуштар. Калган 779 курулуштар жарнактык тактайчалар. Сүрдүрүлгөн курулуштардын калдыктарын жок кылуу аракеттерин көрүп жатабыз", - деп билдирди башкармалыктын башчысы Талант Иманакун уулу.

Курулуштардын ээлерине Бишкек шаардык мэрия жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы башка жерден жер берүү маселелерин карашмакчы.

Сүрдүрүлгөн имараттар 7-8 жылдан бери курулуп иштеп келген. Алардын айрымдары тиешелүү кызматтарга төлөмдөрүн да төлөбөй келишкени айтылды.

Ал эми төлөнүп берилүүчү компенсация базар баасында сүрдүрүлгөн үйдүн аянтына, абалына жараша төлөнүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан