Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда жол кырсыгы Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 71-чакырымында болгон. Анда Норд Бенц үлгүсүндөгү унаа менен Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын натыйжасында Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу 1968-жылы туулган Д.Т.К. окуя болгон жерден каза болгон.
Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.