Өзгөн районунда жер көчкү түшүп, ички чарбалык жолду жаап калган

Өзгөн районунда жер көчкү түшүп, ички чарбалык жолду жаап калган. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда 22-март күнү саат 17:00 чамасында Кара-Таш айыл аймагындагы ички чарбалык жолго жер көчкү түшкөн. Анын көлөмү 600 метр кубду түзөт.

"Түшкөн жер көчкүнү жергиликтүү тургундар өздөрү бир четин тазалап, ачышкан. Ошондой эле жер көчкү түшкөн жердин үстү жагында дагы жаракалар пайда болуп, жер көчкү түшүү коркунучу бар. Турак жайларга коркунуч жок", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан